ДАРЫЛДА
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Үнүн жоон, катуу чыгаруу, баркыроо, дар-дар этип катуу үн чыгаруу. Дарылдаган үн чыгары менен: – О жолдоштор, эркек, журт – деп Чаргын кубанып кеткен (Сыдыкбеков). 2. Даркырап бакыруу, бар үнү менен бакырып ыйлоо. Кичинемде дарылдап ыйлаак да болупмун. 3. Кездеме же кийим айрылганда же сөгүлгөндө чыккандай дар-дар этип катуу дабыш чыгуу. Дарылдап айрылып кетти.